Салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө КМТУнун кесиптик бирлик комитетинин ролу
И.Раззаков атындагы КМТУнун 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө кесиптик бирлик комитетинин төрайымы А. А.Абылаеванын жетекчилиги тарабынан чоң салым кошулду.
КМТУнун 70 жылдыгына арналган жана башка бир катар салтанаттуу иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүдө кесиптик бирлик комитети тарабынан материалдык колдоо көрсөтүү, жасалгалоо, техникалык коштоо, катышуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жаатында абдан чоң колдоолор көрсөтүлдү.
Салтанатка КР Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева, мамлекеттик катчы С.Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиев, Кыргызстан Кесиптик бирликтер Федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу катышышып, КМТУнун өлкөнүн билим берүү жана илимий тармагындагы мааниси баса белгиленди.
Кесиптик бирлик комитети тарабынан КР Эл артисти Сыймык Бейшекеев жана кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары менен биргеликте иштелип чыккан университетке арналган ырдын жаралышына колдоо көрсөтүлүп, бул ыр менен юбилейлик майрамдын маанилүүлүгү даңазаланды.
Ошондой эле аталган комитет тарабынан чет элдик конокторду, анын ичинде Германия, Венгриянын өкүлдөрүн кабыл алууга да өзгөчө көңүл бурулуп, Румыния, Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Орусият менен эл аралык байланыштарды бекемдеп, мааракелик иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүгө шарттар түзүлдү.
Мындан улам кесиптик бирлик комитетинин салымы логистикалык колдоодон баштап, майрамдык маанайды камсыз кылууга чейин иш-чаранын бардык этаптарында сезилди.
Мындан сырткары 2024-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Герман техникалык институттун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган эл аралык симпозиум өткөрлүп, аталган иш-чарага кесиптик бирлик комитети да өз салымын кошту.
2024-жылдын 19-сентябрында Ысык-Көлдө Россия жана Кыргыз техникалык университеттеринин Консорциуму болуп өттү. Бул иш-чараны уюштурууга да КМТУнун кесиптик бирлик комитети олуттуу материалдык колдоо көрсөттү.
Материалды даярдаган: КМТУнун Кесиптик бирлик комитети