Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Көк-Жаңгак шаарынын маданият үйүндө 19-октябрь кесиптик бирликтин кесиптик майрамына карата Көк-Жаңгак шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан майрамдык салтанат уюштурулду.

Иш-чарага Көк-Жаңгак шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы Ж.А.Рысмамбетова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын у.м.а. Н.А.Джолдошева, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, кесиптик бирликтин кызматкерлери жана мугалимдер катышты.

Иш-чаранын алкагында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети жана Жалал-Абад областтык жана Көк-Жаңгак шаардык комитеттери тарабынан билим берүү уюмдарында эмгектенген алдыңкы кесиптик бирлик активдери жана жалпы билим берүүчү орто мектеп, мектепке чейинки мекемелердин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрайымдары  "Ардак грамота", төш белгилер жана баалуу белектер менен сыйланышты!

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Көк-Жаңгак шаардык комитети