БОРБОРДУК КОМИТЕТТИН ТӨРАГАСЫ ОШМУНУН РЕКТОРУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ
2025-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Рустам Нурматов жана башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Бедил Кадыркулов ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.
Жолугушууда социалдык өнөктөш катары биргелешип иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр болуп, кесиптик бирлик менен ректораттын ортосундагы кызматташтыктын мааниси жана келечектеги иш-аракеттер талкууланды.
Тараптар мындан ары да биргелешкен аракеттерди ишке ашыруу боюнча колдоолорду көрсөтүү ниетин билдиришти.
Кесиптик бирлик менен ОшМУнун ортосундагы кызматташтык билим берүү тармагында үзгүлтүксүз өнүгүүнү жана кызматкерлердин укуктарын коргоону камсыздайт.