Республикалык олимпиадага катышкан окуучулары бар мугалимдерди сыйлоо
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитети Сузак райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте 2017-жылда окуучулары республикалык предметтик олимпиадага катышышкан №27 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими С.Орозовага, тарых мугалими Н.Артыковага, Т.Байзаков атындагы орто мектебинин тарых мугалими Д.Жакыповага, Көк-Арт гимназия орто мектебинин химия мугалими Исаева Гүлрозага 2017-жылдын31-мартындагы мектеп жетекчилеринин жыйынында акчалай сыйлыктарын тапшырышты.