Республикалык жаштар конгрессинин делегаты
25-26-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси болуп өттү. Конгресске өлкөнүн бардык аймактарынан жана ар тармактан активдүү 100 жаш делегат катышты.
Ноокен районунун жаштарынын атынан Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин алдындагы жаштар кеңешинин мүчөсү Айтурган Равшанбекова делегат болуп шайланып, катышып келди. Бул иш-чаранын максаты – мамлекеттик органдардын жана жаштар уюмдарынын улуттук кызыкчылыктарда колдонулушу жана кызматташуусу үчүн "Биздин келечек" жаңы жаштар программасын сунуштоо жана жүзөгө ашыруу.
Конгресске Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов, Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова жана башка лидерлер катышышты. Конгресске келген жаштар өздөрүнүн кызыктырган суроолорун берип, жоопторду алышты.
Жыйынтыгында ар бир областка жигердүү жаштарды жетектөө үчүн төрагалар шайланып, 2 жыл ичинде чогуу иштешүү боюнча макулдашышты.
Конгресс маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков тарабынан уюштурулуп, эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Программанын алкагында аймактардан келген делегаттар "Ата-Бейит" тарыхый мемориалдык комплексине барып зыярат кылып кайтышты.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук КБКнын Жаштар кеңешинин мүчөсү А.Равшанбекова