Райадминистрациядагы салтанаттуу жолугушуу
25-майда Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жаӊы дайындалган администрациясынын башчысы акими Насиров Мунарбек Жумабаевич менен райондун билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев жана райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Э.Садабаев кыскача билдирүү жасашты. Аким М.Насиров өз ишинде райондун билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бураарын жана колдоолорду көрсөтөөрүн баса белгиледи. Жолугушуунун соңунда областтык жана республикалык предметтик олимпиадада байгелүү орундарды ээлешкен бүтүрүүчү класстын окуучуларына, аларды олимпиадага даярдаган мугалимдерине жана мектеп директорлоруна райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирликтин Ардак грамоталары, Ыраазычылык барактары жана акчалай сыйлыктары ташырылды. Жыйындын соӊунда райондун акими М.Насиров сыйлыкка татыктуу болушкан олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жана жалпы эле бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.
Маалыматты даярдаган: Ак-Суу райКБКнын кызматкери Ж.Жунушева