Профсоюздун байлыгы – элдин ишеними
Профсоюз деген түшүнүк - бул бүгүн же кечээ эле чыга калган нерсе эмес. Тарыхый процесстен алганда адамдар профсоюз уюмун социалдык өнүгүүнүн өзгөчө бир формасы катары түшүнүшөт. Бул болсо коомдук процессте табигый көз караштан алганда өтө маанилүү.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профсоюздук комитети окуу жайдагы профессордук окутуучулук курамдын ар бири менен келишим түзгөн жана ар бир факультеттерде, колледждерде жана башка структураларда комитеттин баштапкы уюмдарын түзгөнбүз. Алар аркылуу ар бир айда жыйындар өткөрүлүп, социалдык-экономикалык укуктук, ишмердүүлүк багытындагы ар түрдүү маселелер, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу максатындагы атайын иш чаралар, сунуштар менен суроо талаптар талкууланып турат. Демек, профсоюз - бул социалдык өнүгүүнүн проблемаларын чечүүдө активдүү роль ойногондугу менен өз мүчөлөрүнүн ага болгон ишеничин бекемдейт.
Эми айрым конкреттүү маселелерге, 2017-жылы аткарылган иш-чараларга токтоло кетели. ЖАМУнун профсоюздук комитети; административдик башкаруу кызматкерлеринин, беш факультеттин, эки колледждин, кенже көмөк көрсөтүү кызматкерлердин жана студенттердин баштапкы профсоюздук уюмдарынын биригүүсүнөн түзүлүп, жалпысынан 2547 мүчөсү бар. Алардын ичинен 973ү университеттин кызматкерлери жана 1574ү студенттер.
2017-жыл өлкөбүздө “Ыйман адеп, тарых жана маданият жылы”, ал эми тармактык профсоюзда “Адептүүлүк жана укуктук маданият” деп жарыяланды. Мында, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук Комитетинин жана областтык комитетинин көрсөтмөлөрүнүн негизинде, бул иш чарага активдүү катышуу үчүн атайын 10 пунктан турган иш-чараларды иштеп чыктык жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин администрациясы менен биргеликте иш алып бардык. Университетибиздин ректору, академик К.Ж.Усеновдун түздөн-түз колдоосу менен профсоюздун мүчөлөрүнүн ден соолугуна, алардын чыгармачылык менен иштөөсүнө шарт түзүү, студенттерибизди сергек жашоого үндөө багытында да бир топ алгылыктуу иштер жасалды. Атап айтсак:
ЖАМУнун профкому университеттин социалдык иштер жана мамлекеттик тил саясаты боюнча проректору А.Д.Доранова менен кызматташуу аркылуу кесиптик чыгармачылыкты арттыруу максатында мелдештерди, кароо-сынактарды уюштурууга активдүү катышып, материалдык колдоо көрсөтүп келди. Мисалы, ЖАМУнун окутуучулары жана студенттеринин арасында маданияттын бир формасы катары жыл бою даталуу күндөргө карата «Бабалар айткан сармерден, окууда, иште болсун бизге дем» деген аталышта сармерден сынагы өткөрүлүп, алардын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар тапшырылып жатты.
“ Ден соолук – 2017” спартакиадасы уюштурулуп, анда спорттун 7 түрү боюнча мелдештер өттү. Бул иш-чараны каржылоодо Билим берүү жана илим кызматкерлеринин областтык комитети тарабынан 50 (элүү) миң сомдук ЖАМУнун профкомунун эсебинен 30 (отуз) миң сомдук каржылык колдоо көрсөтүлдү.
Бул жылы эмгек жамаатыбыз менен биргеликте эки чоң иш-чараны өткөрүүгө жетиштик. Биринчиси, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамын майрамдоо, экинчиси Жаңы 2018-жылды тосуу аземи уюштурулуп, жогорку деңгээлде өттү десек жаңылышпайбыз.
Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата шаарыбызда уюштурулган иш чарада эстеликке гулчамбалар коюулуп, салтанаттуу митинг болду. Ал эми ЖАМУнун чоң жыйындар залында жалпы жамаат үчүн жетекчилик менен биргелешкен салтанат уюштурулуп, театрлаштырылган чоң концерттик программа тартууланды. Ардагерлерибизге сыйлыктар тапшырылды.
Ушул сыяктуу иш-чаралар 8-Март Аялдардын эл аралык күнүнө, Нооруз майрамына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата да уюштурулуп турулду.
Профкомдун негизги ишмердүүлүктөрүнүн бири болгон кызматкерлердин эс алуусун уюштуруунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул жылы баштапкы профсоюз уюмдарынын мүчөлөрүнөн турган топ түзүлүп, “Айгүл тоо”, “Ыссык Көл”, “Рух Ордо” багыттары боюнча эс алуу экскурсиялары, ар бир баштапкы уюмдарыбыз жамаат-жамаат болуп “Кара Алма”, “Кара Шоро”, “Шор Булак”, “Жалал-Абад” курорту жана “Арстанбап” багыттары боюнча бир күндүк эс алууларга чыгып келишти.
Республикалык бюджеттен тармактык профсоюздун Жалал-Абад областтык комитети аркылуу 16 жолдомо бөлүнүп, 30 мугалим, окутуучу-профессор жана кызматкерлерибиз республикалык курорт-санаторийлерге барып ден соолуктарын чыңдап келишти. Кызматкерлерибиздин балдары “Балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлордо; “Келечек” лагеринде – 14 бала, “Алтын балалык” лагеринде – 6 бала жана “Зорька” лагеринде 25 бала, жалпысынан 45 бала эс алышты.
Жалал-Абад курортунун жетекчилиги менен келишим түзүлүп, профкомдун каржылык колдоо көрсөтүүсү менен 10 кызматкерибиз өздөрүнө ыңгайлуу график боюнча курстук дарылануудан өтүштү.
ЖАМУнун профсоюз уюмунун мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык абалынын жакшыруусу үчүн кам көрүүдөбүз. 33 кызматкерибизге “Арзан турак жай – 2015-2020” мамлекеттик программасы боюнча ипотекалык каражат алууга жолдомо берилип, бешөө турак жай сатып алышты, калгандары жүйөлүү себептер менен кезек күтүп турушат.
Студенттик профсоюздук уюмунун ишмердиги:
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук Комитетинин токтомунун негизинде 2013-жылдын 25-апрелинен бери ЖАМУнун профилакторийи иштейт. Профилакторийди жогорку категориядагы дарыгер-хирург, м.и.к. Ж.Макамбаев башкарат. Өткөн жылы 350 студент профилакторийдин кызматынан пайдаланышты. Бул жерде студенттер үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн. Жатакана, ашкана, дарыланып туруу үчүн атайын адистештирилген кааналар уюштурулган.
Университетибизде окуу менен бирге спортко да өзгөчө көңүл бурулат. Ошонун натыйжасында, студенттерибиз дүйнөлүк дңгээлдеги байгелүү орундарды багындырып келүүдө. Бул жылы спорттун греко-рим түрү боюнча, Юридика адистигинин студенти Калы Сулайманов Дүйнөнүн чемпиону болду. Профсоюздардын областтык комитети менен биргеликте К.Сулаймановго, машыктыруучусу, Дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу А.Саалаевге 15 000 сом акчалай сыйлык жана Жалал-Абад курортуна жолдомо берилди.
ЖАМУда студенттердин “Данышман” интеллектуалдык клубу иштейт. Бул клубдун иш-чараларына студенттик профсоюз моралдык, материалдык колдоолорду көрсөтүп турат. Мындан сырткары 2017-окуу жылында тармактык профсоюздардын областтык комитети тарабынан “Данышман” интеллектуалдык клубунун ЖОЖдор аралык оюнун өткөрүүгө 30 000(отуз миң) сом колдоо көрсөтүлдү.
Баарлашуунун жана эс алуунун адептүү формаларын, жашоонун позитивдүү баалуулуктарын баалап, аялдык сулуулук образын туура кабыл алууга тарбиялоо максатында «ЖАМУнун сулуусу-2017» конкурсу болуп өттү. Калыстар тобунун чечими менен Экономика-юридикалык факультетинин 4 - курсунун студенти Борубаева Алина баш байгени жеңип, «Көгүлтүр Ысык-Көлгө» жолдомо менен сыйланды.
Жыйынтыктап айтканда, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Профсоюздук комитети, анын баштапкы уюмдары окуу жайда окутуучулардын да, студенттердин да эмгекке, билимге болгон кызыкчылыктарын, ишмердүүлүгүн жогорулатууга мындан ары да мыкты шарттарды түзүп, ар тараптан колдоо көрсөтө беребиз. Профсоюздун байлыгы – аны түзүп турган мүчөлөрдүн ыраазычылыгы,, элибиздин ак батасы менен ченелүүсү абзел!
К.М.Болотбеков
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин
профсоюз комитетинин төрагасы