Профсоюздун Сузак райкомунун президиуму өткөрүлдү
Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин президиумунун отуруму 2018-жылдын 26-апрель күнү өткөрүлдү.
Президиумдун отурумунда төмөндөгү маселелер каралды:
- Ырыс айыл аймагына караштуу Билим берүү уюмдарынын профкомдору тарабынан мугалимдердин айлык акыларынын тарификациясын, кошумча төлөмдөрдү жүргүзүүнүн көзөмөлдөнүшү жана стимфонддун туура берилишинин абалы жөнүндө
- Мугалимдердин жайкы эс алуусун, дарыланууларын уюштуруу жөнүндө
- Окуучулардын жайкы эс алууларын уюштуруу жөнүндө
- Профсоюздун Сузак райкомунун кезектеги Пленумун чакыруу жөнүндө
- Ар түрдүү маселелер
Президиумдун отурумунда жогорудагы маселелер талкууланып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды.