Профсоюздун Ноокен райондук комитетинин 5 – Пленуму өттү
2018-жылдын 28-апрель Ноокен районунун №14 Губкин атындагы орто мектебинин жыйындар залында Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин 5-Пленуму болуп өттү.
Пленумга райондук комитеттин мүчөлөрү, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү жана мектептердин, бакчалардын директорлору балдар спорт мектебинин, балдар чыгармачылык үйүнүн жетекчилери, райБББнүн адистери жана баштапкы кесиптик уюмдун төрагалары катышышты.
Пленум № 14 Губкин атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен башталды.
Пленумдун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды.
1. Билим берүү кызматкерлеринин социалдык - экономикалык маселелерин чечилишиндеги Ноокен райондук комитети жана социалдык өнөктөштөрдүн биргелешкен иш аракетери менен 2017-жылда аткарылган иштер жөнүндө.
2. Райондук комитеттин президиумунун мүчөлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
3. Уюштуруу маселелери.
Пленумдун иши билим берүү тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген жана азыркы учурда ардактуу эс алуудагы билим берүү кызматкерлери “Ноокен районунун билим берүүнүн ардагери” төш белгиси жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Материалды даярдаган:
Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров