Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук окуу семинар өткөрүлдү

Ош областындагы Алай, Ноокат, Кара-Кулжа районундагы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан өз жерлеринде кызматкерлердин социалдык-экономикалык, эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында укуктук–ченемдик актыларга ылайык, иш берүүчү катары алардын билим деңгээлдерин жогорулатуу максатында окуу-семинар өткөрүлдү.

Окуу семинар лекция ирээтинде эмес, суроо-жооптор менен талкуулоо, бышыктоо ирээтинде жумушка кабыл алуудан тартып, жумуштан бошогонго  дейре кандай мыйзамдарды колдонуу керектиги жөнүндө, зыяндуу жумуштарга, кошумча төлөмдөр, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт боюнча жана расымдык сөөк коюуга  жөлөк пулдардын төлөнүшү, эмгек өргүүгө  чыгаруу жана  төлөмдөрдүн төлөнүшү, эмгек акысы  сакталбаган өргүүгө чыгуу жөнүндө  суроолор  басымдуулук кылып, билим берүү уюмдарынын  директорлорунун көйгөйлүү, практика жүзүндө  талаш-тартыш жаратуучу маселелерине мыйзамдарга ылайык жооптор берилип, катышуучулар активдүү катышып, кызыктуу жана жандуу  өткөрүлдү.  

 

Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети