Профсоюздук кружок Жумгалда
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жумгал райондук комитети О.Ногойбаев атындагы орто мектебинде уюшулган профсоюз кружогунун экинчи отуруму болду.
Профсоюз кружогунун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтому менен бекитилген Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары менен таанышты.
Слайддар даярдалып, отурумга тажрыйбалуу эсепчи Бабатаева Эльнура чакырылды. Отурумдун жыйынтыгы менен Жумгал районунун ар бир билим берүү тармагында иштеген кызматкерге айлыгы жөнүндө маалыматты (квитанция) жазуу түрүндө берүүгө кесиптик бирлик тарабынан аракеттер жүргүзүлө баштады.
Февраль айынан баштап аталган маалыматты бухгалтерия берип баштаары күтүлөт. Профсоюз кружогунда даярдалган материалды пайдалануу менен мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары менен 24-январда онлайн конференция өтүлдү.
Маалыматты даярдаган: Жумгал райондук кесиптик бирлик комитети