Профсоюздук кружок Кочкор районунда
2023-жылдын 6-февралында Нарын облусунун Кочкор райондук кесиптик бирлигинин алдындагы Калыгул Бай уулу орто мектебинде 11 адамдан түзүлгөн мектептеги кесиптик бирлик кружогунун кезектеги окуусу болуп өттү. Ага Кочкор райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы З.Табалдиев, мектепте уюшулган кружоктун жетекчиси Ш. Бердибекова катышып, 2023-жылга түзүлгөн иш планга ылайык, «Мектепте кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча баштапкы уюмдун иштери жөнүндө» деген темада окуу өткөрүлдү.
Окуунун жүрүшүндө 2023-жылдын март айында Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин баштапкы кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн ден соолуктарын чыңдоо боюнча иш чара өткөрүү жөнүндө кружоктун мүчөлөрү сунуш киргизишти. Бул иш-чарага кетүүчү финансы каражаттарын чечүүнү райондук комитеттен сурашты.
Маалыматты даярдаган: Кочкор райондук кесиптик бирлик комитети