Профсоюз жана спорт
2017- «Ыйман, адеп жана маданият» жылдын «Нооруз» майрамдын алдында Нарын обласынын Кочкор районундагы И.Арабаев атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюздук уюмунун комитети мектептин кызматкерлеринин арасындагы спорттук экинчи спартакиадасын өткөрдү.
Жобого ылайык мектептин кызматкерлери «Сокол», «Ынтымак» жана «Шумкар» аттуу командаларды түзүп: волейбол, баскетбол, стол тенниси, шахмат, шашки жана аркан тартышмай оюндар боюнча мелдешке катышышты.
Спартакиада олимпиадалык тартипте ачылып мамалекеттик желек көтөрүлүп, гимн аткарылды. Ар бир команда өзүнүн лозунгдары, ыры менен чыгып майрамдык маанай түзүштү. Мектептин директору Д.А.Кичинебатыров, баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы А.Б.Турдубаева, профсоюз уюмдарынын райондук комитетинин төрагасы А.Т.Темиров жана райондун спорттук комитетинин жетекчиси К.С.Сатаров куттуктоо сөзүн сүйлөшүп оюнду ачып беришти. Мелдештин ортосунда катышуучуларга кофе-брейк уюштурулду.
Оюн калыстар тарабынан туура жыйынтыктар чыгарылып:
Биринчи орунду ээлеген «Шумкар» командасына – 2000сом
Экинчи орунга чыккан «Ынтымак командасына - 1500сом
Үчүнчү орундагы «Сокол» командасына – 1000сом
Акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Мындан сырткары оюндарга активдүүлүгүн көрсөткөн кызматкерлерге грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Профсоюздук комитет спартакиаданы өткөрүлүшүнө чоӊ салым кошкон мектептин дене тарбия мугалими Ж.Х.Быванцинге ыразычылыгын билдирди.
Кочкор районуна караштуу И.Арабаев атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы А.Б.Турдубаева