Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз майрамы белгиленди

      2016-жылдын 19-октябрында профсоюздардын майрамы салтанаттуу белгиленди. Алгачкы сөздү Профсоюздардын Жалал-Абад областтык кеӊешинин төрагасы З.Жусмаматов ачып, майрамды ачык деп жарыялады. Ал профсоюздардын күнү менен катышуучуларды куттуктап, кеӊештин курамына кирген обкомдордун жамааттары тарабынан эмгекчилердин социалдык-экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоодо областта алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

     Андан кийинки сөз Билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаиловго берилип, профсоюз кызматкерлеринин майрамы менен кызуу куттуктады.

     Ошону менен бирге тармактык профосюздун облустун бардык деӊгээлдеги уюмдарында жамааттык келишимдер жана макулдашуулар түзүлүп, эмгекчилердин социалдык-экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоодо алгылыктуу иштердин жүргүзүлүп жаткандыгана басым жасады.

    Профсоюздардын өнөктөштөр менен диалог жүргүзүүдө көӊүл кубантарлык аракеттердин бар экендигин белгилеп, мындан ары бул кызматташуунун мазмунун жана формаларын жаӊылоонун үстүндө иш алып барыла тургандыгын айтты.

     Куттуктоо сөздөрдүн соӊунда профсоюздук кыймылды өркүндөтүүгө астейдил салым кошуп, иштеп жаткандар сыйлыктарга татыктуу болушту.

     Профсоюздардын Жалал-Абад областтык Кеӊешинин Ардак Грамотасы менен Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев, Майлуу-Суу шааркомунун төрайымы Б.Джураева, Тогуз-Торо райкомунун төрагасы З.Ажыбаев, Чаткал районундагы Ленин атындагы жатак-мектебинин мугалимдери, профсоюздун аймактагы мыкты активисттери Г.Маткеримова, С.Жумаева, обкомдун финансы бөлүмүнүн башчысы З.Сулаймановдор сыйланды.

     Ардак Грамоталары профсоюздардын Жалал-Абад областтык кеӊешинин төрагасы З.Жусмаматов тапшырып, сыйлангандарды куттуктады.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү