Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик жабыркагандардан кабар алды

Кыргыз – тажик чек арасындагы жанжалдан улам денесинен жабыраган ооруканада дарыланып жаткан Б.Ходжаев атындагы орто мектебинин мугалими  Абдразаков Азаматтан жана баласына атышуудан ок тийген, ошондон улам стресс алып ооруканда дарыланууда болгон Ж.Момунов атындагы орто мектебинин кызматкери Курашова Мовлюдадан 2021-жылдын 26-майында областык комитеттин төрагасы З.Бөтөкөв жана райондук комитеттин  төрагасы А.Зайитов кабар алып акчалай жардам беришти. Тез арада айыгып кетүүсүн каалашты.

Жардам алгандар кесиптик бирликтин Баткен областык жана райондук комитеттерине ыраазычылык билдиришти.         

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райКБКнын төрагасы А.Зайитов