Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз тарабынан жамааттар сыйланды

Бул жылы Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жайкы эс алуу иш-чаралары жылдагыдан караганда көп жана масштабдуу болду деп айтсак жаңылышпайбыз.

Эң алгач билим берүү кызматкерлери Арстанбап эс алуу жайына жөнөтүлүп, ал жерде жалпы мектеп жана бакчалардан 382 кызматкерлеринин, Сары-Челекте - 56 мугалим, Таласта - 38 бакча кызматкерлери, Ысык-Көлдө - 106 мугалимдин эс алуусу уюштурулду.

Андан сырткары мектеп жана бакчалардын баштапкы кесиптик уюмдары демөөрчүлөр, айыл өкмөттөрү менен үч тараптуу макулдашынын негезинде тыгыз иштешип, алар тарабынан да жамааттардын жана балдардын  эс алуулары жогорку денгээлде уюштурулуп, анын негизинде жыйынтыктар чыгарылып, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан дипломдор жана атайын белектер менен сыйланды.

Мектептер боюнча:

1-орун №26 Т.Анаркулов атындагы орто мектебинин жамааты;

2-орун №18 М.Молдалиев атындагы орто мектебинин жамааты;

3-орун №14 Губкин атындагы орто мектебинин жамааты;

Бала бакчалар боюнча:

1-орун №22 “Гулкайыр” балдар бакчасынын жамааты;

2-орун №15 “Жомок” балдар бакчасынын жамааты;

3-орун №26 “Ак шоола” балдар бакчасынын жамааты;

Ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги  №171–б буйругун аткаруу, окуучуларда жана жаштарда эмгекке жана анын натыйжаларына жашоодогу баалуулуктардын бири катары жакшы мамиле түзүү, ошондой эле өлкөнүн калктуу конуштарын жана билим берүү уюмдарын көрктөндөрүү деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 “Инсанды руханий жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө”, 2022-жылдын 31-январындагы №17 “2022-жыл Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулугун коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыктарын, КР ББжИМнин  2022-жылдын 6-апрелиндеги №570/1 буйругун ишке  ашыруу максатында “Бир окуучудан – бир көчөт” жалпы республикалык акциясы жыл сайын өткөрүүнүн иш чаралары түзүлүп, бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.

2022-жылдын март-май айларында Ноокен районунун билим берүү мекемелеринде КРнын Президенти демилгелеген "Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында, “Бир окуучудан - бир көчөт” жана 3 айлык жашылдандыруу-көрктөндүрүү иш-чараларынын алкагында бир топ алгылыктуу иште аткарылды.

Райондогу бардык билим берүү уюмдары жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте жашылдандыруу-көрктөндүрүү иш-чараларынын алкагында тыгыз иш алып барышты.

Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан бул боюнча атайын сынак жарыяланган жана 3 айлыктын жыйынтыгы менен мыкты иштер бааланып, алдынкы жамааттар аныкталып, сыйланды.

Ага ылайык бакчалар боюнча: 

1-орун №9 “Байчечекей” балдар бакчасынын жамааты;

2-орун №6 “Жылдыз” балдар бакчасынын жамааты;

3-орун №49 “Таштак” балдар бакчасынын жамааты;

Мектептер боюнча:

1-орун №29 Я.Мирзаходжаев атындагы орто бакчасынын жамааты;

2-орун №20 Матмуса атындагы орто бакчасынын жамааты;

3-орун №5 Н.Токторбаев атындагы орто бакчасынын жамааты;

Профсоюз ар бир мүчөсүнүн эмгегин татыктуу баалап, колдоо көрсөтүп келет. Бул иш-чаралар мындан ары да уланат.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын инспектору Т.Бакиров