"Профсоюз бул-биз, Профсоюз бул-күч!"
"Достук" орто мектебинде баштапкы кесиптик бирликтер уюмунун мүчөлөрүнүн жана мектеп администрациясынын катышуусунда чакан жыйын болуп өттү. "Профсоюз бул-биз, Профсоюз бул-күч!"темасында. Максаты: Жалпы профсоюздар уюмунун түзүлүшү, мүчөлүккө кабыл алуу, мүчөлөрдүн укуктары жана милдеттери жөнүндө кеңири маалымат берүү. Жыйындын соңунда мүчөлөргө профсоюздук билеттер "Достук" орто мектебинин Баштапкы кесиптик бирликтер уюмунун төрайымы-Дүйшөева Айнура Жороевна жана мектеп администрациясынын катышуусунда тапшырылды.
Даярдаган: Марина Сагалиева