Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз активистери менен жолугушуу болуп өттү

2024-жылдын 1-октябрында Араван  райондук  мамлекеттик администрациянын  жыйындар  залында  Кыргызстан  кесиптик  бирликтер  Федерациясынын  иш планына  ылайык,  кесиптик бирлик активистери  менен  жолугушуу  болуп  өттү.

Жолугушууга  Араван  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  башчысы- акимдин  биринчи  орун  басары Аскар Ахматов,  Кыргызстан  кесиптик  бирликтер  Федерациясынын  Ош шаары  жана  Ош  областы  боюнча  өкүлү  Азизбек Рысбаев,   билим жана илим   кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин  Ош областтык комитетинин  төрагасы  Сабыр Тойгонбаев  катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жалпы  Кыргызстан боюнча кесиптик бирликтер кыймылынын туруктуулугу  жана анын  азыркы  күндөгү  жаңы  багытта  жүрүп  жаткан  реформасы  жөнүндө  өз ара  ой-пикир  алмашуу болуп, суроо-жооптор  менен  жыйынтыкталды.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети