Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профилактория студенттер үчүн

Профилактория негизинен жылына беш жүз студентти кабыл алып, ар бир айда элүү студент дарыланып чыгат.  Биринчи байлык ден соолук болгон үчүн, профсоюз комитети студенттерди эң жакшы шарттар менен камсыз кылган. Быйылкы жылы чет жактан келген студенттерге да колдоо катары ОшМУнун профилакториясынан акысыз дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. ЖАМУнун К.Ш.Токтомамтов атындагы эл аралык университетинен студенттери К.Асылбеков, С.Халдаров, Б.Ашимовдор азыркы күндө дарыланышууда. Ал жерде студенттерге өзгөчө мамиле жасалат. Ар бир студенттин дене соолугу кылдаттык менен текшерилет. Андан сырткары профилакториянын ашканасы кенен, күнүнө үч маал тамак берилет  жана ар күнү жаңы тамактардын тизмеси (меню)  түзүлөт.  Ашканасы, жуунуучу жайлары жана спорт аянтчалары  талапка жооп берет.  Студенттер окуу учурунда  ата-энеси алыс болгондугуна байланыштуу, алардын мээримине муктаж болушат. Бул жагын да профсоюз комитети колго алган. Профилакторияга барган ар бир студенттин жеке абалы, жүрүм туруму профсоюз комитети үчүн өтө маанилүү.

ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы А.Э.Саттаров жана ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору А.Ж.Артыкова профилакториянын ишине такай көз салышат. Азыркы учурда даарыланып жаткан студенттер ОшМУнун профилакториясынын жалпы жамаатына, башкы дарыгери М.Макеновго жана Н.Э.Батировага. терең ыраазычылык  билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова