Профактив менен жолугушуу
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович 2022-жылдын 14-декабрь күнү Ош жана Баткен областтарынын райондук, шаардык жана окуу жайлардын кесиптик бирлигинин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.
Бул иш-чарада 2022-жылдагы аткарылган иштерге токтолуп, 2023-жылдагы иш пландар жөнүндө баса белгилеп, кесиптик бирлик уюмдарынын уюштуруучулук иштерине чоң маани берип, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн биримдигин чыңдоону, алардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоону жана эс алууларын уюштурууга көңүлдөрүн бурууга чакырды. Студенттик жаштардын ден-соолуктарын чыңдоодо Ош МУнун базасындагы окуу жайлар аралык профилакториянын базасын чыңдап, студенттерге ыңгайлуу шарттарды жаратууну тийиштүү адистерге тапшырды.
Профактивдер менен жолугушуу жогорку деңгээлде, жакшы маанайда өткөрүлдү.
Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети