Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиумдун отуруму өттү

Ош ОПКнын кезектеги жыл жыйынтыгын чыгаруу Президиумунун отуруму 2023-жылдын 20-январында болуп өттү. Отурумда 2022-жылдагы кетирилген кемчилдиктерди жоюу, кесиптик бирлик уюмдарынын биримдигин бекемдөө жана чыңдоо маселелери каралды.

Кесиптик бирлик уюмдарынын алдыңкыларын сыйлоо, ОПКнын 2023-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жана ар түрдүү маселелерди камтыган күн тартиби бекитилип,ар бир маселе талкууланып, Президиум мүчөлөрү тарабынан иштиктүү сунуштар айтылып, иштерди жандандыруу, ынтымакчылыкты бекемдөө, баштапкы уюмдар менен байланыштарды чыңдоо жана ар бир кызматкердин суроо талаптарын өз жеринде, өз убагында чечүүгө жетишүүгө, алардын мүдөөлөрүн канааттандырууга жетишүү кесиптик бирликтин лидерлеринин милдеттери экендиги  баса белгиленди. Отурумдун соңунда ОПКнын төрагасы С.Тойгонбаев жылдын жыйынтыгы менен активдүүлүктү көрсөткөн алдыңкыларга БПКнын Ардак граматалары жана «Билим, илим кесиптик бирликтин мыктысы» төш белгилери жана ОПКнын дипломдорун тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети