Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиум өткөрүлдү.

2015-жылдын 18-декабрында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун акыркы 7-президиуму өткөрүлдү. Ага президиумдун мүчөлөрүнөн тышкары райшааркомдордун жана обкомго түз баш ийген баштапкы уюмдардын жетекчилери катышышты.

      «2015-жылдын мыкты профсоюздук уюму жана жетекчиси» кароо-сынагынын облустук турунун жыйынтыктары жөнүндө.

       Обкомдон райшааркомдорго жиберилген түрдүү документтердин, кат-кабарлардын аткарылышы жөнүндө.

       Республикадагы дарылануучу жана эс алуучу мекемелерге берилүүчү жолдомолорду бөлүштүрүү жөнүндөгү ар түрдүү маселелер талкууланды.

        Тиешелүү талкууларда З.Тургунбаева, Ж.Дурусалиев , К.Болотбеков, Б.Джураева, К.Нышанов, Б.Калимбетов, Т.Исраиловдор өз ой пикирлерин билдиришти.

         Обкомдун президиуму тиешелүү токтомдорду кабыл алды.

         Кароо-сынактын облустук турунун 6 жеңүүчүсүнө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

         Президиумдун ишин анын төрагасы К.Мурзакматов алып барды.