Президиум отуруму
Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин кезектеги Президиум отуруму өткөрүлдү.
Анда иш планга ылайык, кызматкерлердин эмгек акысы, эмгек өргүүсү, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт боюнча төлөмдөрдүн төлөнүшү, укутуулук, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо, зыяндуу жумуш орундарда иштегендерге кошумча төлөмдөр, профбюджеттин аткарылышы жана сметаларга ылайык сарпталышы, кесиптик бирликтин Араван райондук комитети Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин тейлөөсүнө кабыл алуу жана кызматкерлердин спартакиадасын өткөрүүнүн Жобосун бекитүү жана ар түрдүү маселелер каралды.
Күн тартиби бекитилип, каралган маселелер боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынды.
Кесиптик бирликтин Ош областтык комитетинин төрагасы С. Тойгонбаев Араван райондук комитетинин төрагасына мындан ары иштерине ийгиликтерди каалады.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети