Президент С.Жапаров Максат айылына барды
Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 27-майында Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында районубуздун Максат айылына барды.
Мамлекет башчысы талкаланган объектилерди, анын ичинде өрттөлүп кеткен мектепти көрүп, жаңы курулуп жаткан 2 кабаттуу 100 орундуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты. Ошондой эле президент жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алар менен сүйлөшүүдө мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жөнүндө кеңири айтып берди. Анын айтымында, бул маселенин чечилиши аймактын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу.
Мамлекет башчы Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын жана мындан ары дагы бериле берерин баса белгиледи.
Президент бир дагы жергиликтүү тургун жардамсыз калбайт. Ошондой эле гуманитардык жардамды даректүү бөлүштүрүү зарылдыгына көңүл буруу керектигин да кошумчалады.
Бул жолугушууга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлей райондук комитетинин төрагасы А.Бердиев катышып, алдыда кандай иш-чаралар жүргүзүлө тургандыгана күбө болуп келди.
Маалыматты даярдаган: Лейлек райКБКнын төрагасы А.Бердиев