Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пресс -конференция өткөрүлдү

Базар-Коргон районунун №31 А.Абдрахманов орто мектебинде  Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл,  Кыргыз республикасынын эгемендүүлүгүнүн жана кыргыз тил майрамынын 35 жылдыгына арналган илимий- конференция болуп өттү.

Конференциянын жүрүшүнө 7-канал, ЖТР, УТРК,  Регион телевидениесинин журналистери,  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук бирикмесинин усулчулары, айыл башчысы, маданият кызматкерлери,  аксакалдар комитетинин төрагасы, ата-энелер комитетинин төрагасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы, айыл тургундары, ата-энелер, мектеп мугалимдери жана 9-11 класстын окуучулары катышышты.

Конференциянын  алкагында коомдогу кыргыз тилинин ролу, маңызы  жана орду, жаштардын кыргыз тилине болгон көз карашы, мекеме-уюмдардагы кагаз иштеринин кыргыз тилинде  жүргүзүлүшүнүн негизги милдеттери туурасында талкуу болуп, суроо-жооптор жана сунуштар менен коштолду.

Иш-чаранын соңунда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев сөз сүйлөп,  конференцияга катышкан бардык жамаатка ыраазычылык билдирүү менен  №31 А.Абдрахманов орто мектебинин мугалимдерине жана окуучуларына ийгиликтерди каалады.   

 

 

Маалыматты даярдаган:  Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети