Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пленумдун күн тартибинде уюштуруу маселеси каралды

2017-жылдын 18-майында билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин кезексиз пленуму чакырылды.

       Күн тартибинде бир эле маселе каралды.

       Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрайымы З.Тургунбаеванын ден соолугуна байланыштуу ээлеген кызматынан бошотуп коюу жөнүндөгү арызы каралды.

       Пленумдун катышуучулары тарабынан анын арызы канааттандырылып, шааркомдун жана обкомдун мүчөлүгүнөн чыгарылды.

      Чыгып сүйлөгөндөр З.Тургунбаеванын бул кызматта татыктуу иштеп билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык жана укуктук меселелерин чечүүдө күжүрмөндүүлүктү көрсөткөндүгүн белгилешти.

     Бул орунга пленумдун катышуучалары тарабынан Жалал-Абад шаарындагы №9 Р.Санатбаев атындагы орто мектептин директору болуп иштеп турган Акунов Кеӊешбек Жасыновичтин талапкерлиги сунушталды. Аны катышуучулар бир добуштан колдошту.

     Пленумдун ишине билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаевдер катышышты.

      А.Исмаилов сөзгө чыгып кесиптик бирликтердин алдында турган милдеттерге токтолду. Жаӊы шайланган курамга учур талабына жараша иштеп, мүчөлөрдүн укуктарын ар тараптан коргоодо ийгиликтерди каалады.

     Ушуну менен пленум өз ишин аяктады.