Пикир алмашуу
Үстүбүздөгү жылдын онунчу декабрында Торкент айыл өкмөтүнө караштуу баардык мектептер жана мектепке чейинки мекемелердин администрациясы жана профсоюз төрагасы жана төрайымдары чакырылып, жетекчилик менен профсоюз уюмунун биргелешкен иш алып баруудагы кесипкөйлүктөрү жөнүндө пикир алмашылды. Жетекчи менен иш алуучунун ортосунда түзүлгөн эмгек келишиминин толук аткарылышына профсоюз уюмунун иш аракети жөнүндө маалымат берилди жана талкууга баардыгы жоопкерчилик менен мамиле кылышып, активдүү катышышты.
Даярдаган Исраилов Токтомуш