Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Педагогдорго ыраазычылык

2021-жылдын 5-октябрында Кочкор-Ата шаарындагы “Бакыт” кафесинде мугалимдердин майрамы өзгөчө шаңдуу белгиленди.

Майрамдык аземге Ноокен районунун акими, акимдин орун басары, райондук ишкана-мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөттордүн башчылары, мектептердин,  мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын директорлору, алдынкы мугалимдер, тарбиячыларжана райондук билим берүү тармагын башкарышкан мурдагы жетекчилер катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ноокен райондук билим берүү бөлүмүн мурдагы башчылары А.С.Акматов, Б.С.Козуев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин Ноокен райондук комитетинин мурдагы төрагасы А.Ч.Айдаров кесиптештерин майрамы менен кызуу куттукташты.

Райондук билим берүү бөлүмүн башчысы Н.К.Олжобаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук  комитетинин төрагасы К.К.Нышанов сөз сүйлөшүп билим берүү тармагында эмгектенип жаткан кесиптештерине иштеринде чыгармачылык ийгиликтерди каалашты. Үзүрлүү иштеген мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды.

Ардагер мугалимдер райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Олжобаевге, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы К.К.Нышановго жана уюштуруучуларга ыразычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров