Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Патриоттук тарбиянын башаты

Билим жана илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитети Афган согушунун аяктагандыгына 36 жыл толуусуна байланыштуу,  аталган согушка катышкан билим берүү тармагында эмгектенген ардагерлер менен жолугушуу уюштурду.

Жолугушууда Ноокат райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Кеңеш кызы Айпери алардын  туруктуулук жана патриоттук сапаттарын баса белгилеп, өлкө үчүн кошкон салымдарын жана алардын элибизге жасаган кызматтарын жогору баалап, ыраазычылыгын билдирди.

Аталган жолугушууда ардагерлерге арналган сый тамак уюштурулуп, акчалай сыйлыктар берилди.