Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Панфилов районунда баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын семинары болуп өттү

2022-жылдын 30-мартында Панфилов районунун К.Тилебалиев атындагы балдардын жатак мектебинин базасында «Эмгек келишимин түзүү, эмгек китепчелерин толтуруу ирээти» темасында баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдарынын райондук семинар - тренинги болуп өттү. Семинар - тренингге райондун баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышышты.

Семинардын максаты баштапкы кесиптик бирликтин төрага, төрайымдарына эмгек келишими, эмгек китепчелеринин  толтурулушундагы кездешүүчү ар кыл кырдаалдагы жагдайларды алдын алуу, туура толтурулушун практикалык түрдө көргөзүү жана аны көзөмөлдөөгө багыт берүү болду. Семинар Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Панфилов райондук комитетинин демилгеси менен өткөрүлдү. Баштапкы кесиптик бирлик уюмдары үчүн өтө пайдалуу, практикалык жактан маанилүү, мындай семинарларды тез-тез өтеөрүү сунушу атылды.

 

Маалыматты даярдаган: Панфилов райондук КБКнын төрайымы А.Абдраимова