Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Панфилов райондук кесиптик бирлик комитетинин пленуму

29-декабрда Тилебалиев атындагы жетим жана кароосуз калган балдардын жатак мектебинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Панфилов райондук комитетинин пленуму болуп өттү.

Пленумдун темасы: Үч тараптуу макулдашуулардын, келишимдердин негизинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык-экономикалык, укуктук маселелерин чечүүгө жетишүү. Бул пленумга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Ашыкеев, райондук мамлекеттик администрациясынын саясат боюнча сектордун жетектөөчү адиси Ф.Абдылдаева, пленумдун мүчөлөрү катышышты. Пленумдун күн тартибинде 6 суроо каралды. Негизги тема боюнча Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигиин райондук комитетинин төрайымы А.С.Абдраимованын 2019 – 2021-жылдардагы аткарган иштери боюнча баяндады.

Экинчи суроо боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси “Өнөктөштөр тарабынан үч тараптуу макулдашуунун негизги пункттарынын аткарылышы боюнча” баяндама берди.

Ошондой эле Жуматаев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлигинин төагасы Э.О.Исанов “Башталгыч кесиптик бирликтин профсоюз мүчөлүгүнө мотивациялоо боюнча иш тажрыйбасы” жөнүндө, Чалдовар №3 орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлигинин төрайымы Э.Д.Джумашбеков “Баштапкы кесиптик бирликтеринин үч тараптуу макулдашууларынын аткарылышы” жөнүндө баяндады.      

 

Маалыматты даярдаган: Панфилов райондук КБКнын төрайымы А.Абдраимова