Президиум болуп өттү
2023-жылдын 3-февралында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Панфилов райондук комитетинин президиуму болуп өттү. Ага президиум мүчөлөрү, баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилери катышышты. Президиумда төмөнкүдөй маселелер талкууланды:
1. Райондук кесиптик бирликтин 2022-жылда аткарылган иштери жана 2023-жылга милдеттерди, максаттарды кабыл алуу жөнүндө;
2. Райондук комитеттин 2023-жыл үчүн иш планын бекитүү;
3. 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети жарыялаган кароо-сынагынын жобосу менен таанышуу жана райондук сынакка жобо кабыл алуу жөнүндө;
4. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы президиумунун токтомдорун ишке ашыруу жөнүндө;
5. Ар кандай маселелер.
Президиумдун жүрүшүндө Панфилов райондук билим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы А.С.Абдраимова 2022-жылда аткарылган иштери жөнүндө слайд түрүндө кеңири маалымат берди, 2023-жылга максаттар жана милдеттер аныкталды. Ошондой эле билим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин 2023-жыл үчүн иш планы жана 2023-жылга кароо-сынактын жобосу бекитилди. Ар бир каралган маселе боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Маалыматты даярдаган: Панфилов райондук КБКнын төрйымы А.Абраимова