Пайдалуу семинар
Билим берүү уюмдарынын жамааттарында профсоюздук ишмердикти жандандыруу жаатында профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан бир катар аракеттер көрүлүүдө. 2014-жылдын 20-майында Жалал-Абад шаарынын С.Давлетов атындагы №14 мектеп-лицейинде «Бүгүнкү профсоюз иш-берүүчүлөр жана мамлекеттик органдар менен кызматташа турган, өз мүчөсүн коргой турган уюм» аттуу темада семинар уюштурулду. Семинарга шаардагы 20 мектептин баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери катышып, мектеп-лицейдин жетекчилиги менен баштапкы уюмдун өнөктөштүктө жүргүзүп жаткан иштерине күбө болушту. Ошондой эле профсоюздук ишмердик боюнча укуктук-ченемдик иш-кагаздар менен иштөө, отчеттуулук жана эмгекти коргоо маселелери дагы талкууланды. Профсоюздун шаардык комитетинин төрайымы З.Тургунбаева көптөгөн суроолорго тиешелүү жоопторду берип, семинар иштиктүү өттү. Учурда шаардык комитет кызматкерлердин эмгек өргүү мезгилинде ден соолуктарын чыӊдоо, эс алдыруу боюнча иштерди колго алуунун үстүндө иштөөдө.
Профсоюздун шаардык комитетинин
төрайымы: З.Тургунбаева