Пайдалуу семинар
Ат-Башы районундагы Жанаалы уулу Абдракман атындагы орто мектебинде "Адеп, тарбия - терең билим башаты. Ар тараптуу окуучу жана санарип мугалим-мезгилдин талабы" деген темада областтык окуу семинары өткөрүлдү. Семинардын ишине Нарын областтык билим берүү борборунун жетекчиси К.Н.Мамытов, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ж.Т.Жантелиева жана Жумгал, Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунан келген билим берүү кызматкерлери, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары, мектеп директорлору катышты. Семинарда көрсөтмөлүү ачык сабактар, мастер класстар өткөрүлдү. "Санарип мугалим – мезгилдин талабы", "Электрондук журнал, күндөлүк", "Электрондук китепкана", "Техникага кызыгуу менен ойлорубуз артууда" деген темадагы ж.б кружоктордун иштери көңүлдү өзүнө бурду. Семинардын аягында жыйынтыгы чыгарылды, анын өтө пайдалуу болгондугу белгиленди.
Маалыматты даярдаган: Ат-Башы райондук КБКнын төрагасы К.Керималиев