Пайдалуу семинар болуп өттү
2021-жылдын 9-декабрында Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы С.Наматов жана Токмок шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Д.Жумалиева Чүй районундагы балдардын өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунда Чүй районунун жана Токмок шаарынын билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдуулугун аткарууда билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин милдеттери жана профсоюздук комитеттеринин ролу” аталышындагы семинарын уюштурушту. Семниардын максаты билим берүү уюмдарында иш кагаздарын жүргүзүүдө мыйзамдуулукту сактоо болуп саналды.
Семинарга Чүй районунан 28, Токмок шаарынан 14 билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышышты. Семинар 3 бөлүктөн турду. Киришүү, негизги бөлүк, тайпаларда иштөө. Киришүү бөлүгундо Чүй районундагы №2 Султан Ибраимов атындагы орто мектебинин директору Бурул Кызалакова билим берүү уюмуна кызматкерлериди кабыл алуу, бошотуу боюнча иш кагаздары менен тааныштырды.
Семинардын негизги бөлүгүн Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин башкы укуктук жана техникалык инспектору Бедил Кадыркулов алып барды. Анда атайын даярдалган слайддар көрсөтүлүп Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин билим берүү уюмундарында мызамдуу пайдаланылышы боюнча маалыматтар берилди. Семинардын 3-бөлүгүндө жетекчилерди тайпаларга бөлүп негизги бөлүктө берилген маалыматтырдын негизинде ар кандай жагдайлар боюнча суроолор таратылып берилди, тайпалар өз алдыларынча берилген суроолордун үстүндө талкуулашып жооп беришти. Берилген жоопторго карата Борбордук комитеттин башкы укуктук жана техникалык инспектору Бедил Кадыркулов менен бирге билим берүү уюмдарынын жетекчилери кошумча маалыматтар менен бөлүшүштү. Семинар өз максатына жетти.
Семинардын жыйынтыгында бардык билим берүү уюмадырынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетине, башкы укуктук жана техникалык инспектору Бедил Кадыркуловго, Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы С.Наматовго, Токмок шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Д.Жумалиевага терең ыраазычылык билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Чүй райондук КБКнын төрагасы С.Наматов жана Токмок шаардык КБКнын төрайымы Д.Жумалиева