Отчеттук – кайра шайлоо чогулуштары өттү
2025-жылдын 28-январында Баткен районуна караштуу Б.Мергенов атындагы жана Кара-Токой жатак мектебинде кесиптик бирлик уюмунун отчеттук-кайра шайлоо чогулушу өткөрүлдү. Чогулушка Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов, райондук комитеттин адиси А.Масалиев жана мугалимдер катышышты. Баштапкы уюмдун төрайымдары отчеттук мезгил ичинде аткарылган иштери боюнча маалымат беришти.
Б.Мергенов атындагы орто мектебинде кесиптик бирлик уюмуна 3 талапкер сунушталып, төрайымдык кызматка кайрадан Мергенова Салимаханга ишеним көрсөтүлүп, 5 жылдык мөөнөткө шайланды. Мергенова Салимахан өз сөзүндө, мектеп кызматкерлеринин укуктарын коргоо жана алардын эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча дагы көп иштер аткарылаарын белгилеп, мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.
Ал эми Кара-Токой жатак мектебинде баштапкы кесиптик бирлик уюмуна 5 кызматкердин талапкерлиги коюлуп, төрайымдыкка Таштанбаева Кыздаркан шайланды. Таштанбаева Кыздаркан өзүнүн алдыга коюлган максаттарын аткаруу үчүн бардык күчүн жумшоого даяр экенин билдирип, мектептеги кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш алып барууну убада кылды.
Отчеттук – кайра шайлоо чогулуштарынын алкагында Баткен райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Зайитов кесиптик бирликтин аткарып жаткан иштери жана милдеттери жөнүндө кенири маалымат берди. Ал ошондой эле кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо, эмгек шартынын жакшыртылышы, билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык кепилдиктеринин камсыздалышы боюнча аткарылган иштерге токтолду. Жаңыдан шайланган профкомдордун ишине ийгилик каалап, алардын алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн биргелешип иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.