Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОШТУНУН МЫРЗАЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

Ош технологиялык университетинде 23-февраль Ата мекенди коргоо күнүнө карата майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУнун кесиптик бирлигинин төрайымы Багдагул Тиленбаева окуу жайдын мырзаларын майрамы менен куттуктап, кесиптик бирликтин фондунан 14 кызматкерди көп жылдык  үзүрлүү эмгеги үчүн баалуу сыйлыктар менен  сыйлады. Ошондой эле, бир нече кызматкерлер төмөнкүдөй сыйлыктар менен сыйланышты.

Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төш белгиси менен:

  1. Дуйшоев Сатывалды – Курулуш өндүрүшү кафедрасынын профессору;
  2. Жунусалиев Акылбек Сайдазович - Гуманитардык- технологиялык колледжинин доценти.

 Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин Ардак громатасы менен:

  1. Зулпукаров Жакшылык Алибаевич- Колдонма математика жана информатика кафедрасынын доценти;
  2. Исманов Өмүрбек Марипжанович- Маалымат технологиялары жана башкаруу кафедрасынын доценти;
  3. Чилдебаев Бакытбек Суюнбекович- Электр жабдыктары  жана жылуулук энергетика кафедрасынын доценти.

     Мындан сырткары 50, 60, 70 жашка толгон  23 юбиляр кызматкерлер  кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.