Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУда “СУПЕР АПА” конкурсу жогорку деңгээлде өттү!

    6-март күнү Ош технологиялык университетинде 8-март айымдардын майрамына карата,  “Супер Апа” айымдар сынагы болду.  Бул сынакка 25 жаштан 60 жашка чейинки ОшТУнун 9 мугалими катышты. Конкурстун шартына ылайык катышуучулар, аялзатынын аруулугуна тиешелүү  болгон саламдашуу, стилдүү айым, интелектуал жана талантту айым, кырдаалдан чыгуучу  суроолор, камкор эне аталышындагы конкурстар менен айымдар тандалышты. Аталган иш чараны Социалдык өнүктүрүү жана тарбиялык иштер боюнча департаменти жана ОшТУнун бириккен профсоюз комитети уюштуруп, негизги максаты мугалимдерди билим берүү менен гана чектелбестен коомдук иштерге аралаштыруу жана мугалимдердин маданий эс алуусун уюштуруу болуп эсептелет.

     Жыйынтыгында биринчи орунду   технологиялык колледждин мугалими Тажибаева Гүлзар ээлеп, “Супер Апа” аталса,          экинчи орунду Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин окутуучусу Кудайбердиева Арзыкан, үчүнчү орунду Табийгый техникалык факультетинин доценти ф.м.и.к. Маматкасымова Алийма жана Жаратылышты пайдалануу факультетинин окутуучусу Тешебаева Майрам эжекелер бөлүп алышты.

    Жеңүүчүлөр окуу жайдын профсоюз комитети  тарабынан баалуу белектер жана окуу жайдын жетекчили тарабынан  1-орун 15 000сом, 2-орун 10 000 сом, 3-орун 5000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

ОшТУнун бириккен профсоюз

 комитетинин төрагасы                                                       А.К.Арзыматов