ОшТУда илим, билим кызматкерлеринин спартакиадасы өткөрүлдү
Үстүбүздөгү жылдын 17-18-май күндөрү Ош технологиялык университетинде Ош облусу менен Ош шаарынын аймагындагы илим, билим кызматкерлеринин атайын спартакиадасы өткөрүлдү. Бул иш-чара Ош облустук илим, билим кызматкерлеринин профсоюз уюму менен Ош технологиялык университетинин профсоюз уюму тарабынан уюштурулуп, негизги максаты – катышуучулардын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, спортту өнүктүрүү, мыкты командаларды аныктоо, окутуучу-мугалимдердин ден-соолугуна кам көрүү менен дени сак жашоого үндөө болуп саналат.
Спартакиадага Оштогу бардык жогорку окуу жайлары менен Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Чоң Алай, Алай, Араван райондорунун илим, билим кызматкерлеринин командалары катышып, мелдеш спорттун волейбол, ордо, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси сыяктуу 5 түрүнөн өткөрүлдү.
Жыйынтыгында 1-орунду Ош мамлекеттик университетинин, 2-орунду Ош технологиялык университетинин, ал эми 3-орунду Ош мамлекеттик социалдык университетинин командалары ээлешти. Аларга уюштуучулар тарабынан баалуу кубок, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.