ОшТУда Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара уюштурулду
2025-жылдын 19-мартында Ош технологиялык университетинде Нооруз майрамына карата университеттин бардык кызматкерлери үчүн атайын иш-чаралар өткөрүлдү.
ОшТУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан каржыланган иш-чарада сүмөлөк кайнатылып, университеттин кызматкерлерине таркатылды.
Мындан сырткары ОшТУнун кызматкерлери үчүн Нооруз майрамынын урматына жана Рамазан айына карата ооз ачуу максатында майрамдык сый тамак уюштурулду.