Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУда айымдар сыйланды

Ош технологиялык университетинде 8-март- Аялдардын эл аралык күнүнө карата окуу жайдын жалпы аялзатына арналган майрамдык кече болуп өттү.

Иш- чаранын жүрүшүндө ОшТУнун кесиптик бирлигинин төрайымы Багдагул Тиленбаева окуу жайдын айымдарын майрамы менен куттуктап, кесиптик бирликтин фондунан 15 кызматкерди көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн баалуу сыйлыктары менен сыйлады. 

Ошондой эле, 28 кызматкер быйылкы жылы 50, 60, 70, жашка толгон юбиляр кызматкерлер кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом, баалуу белектер менен сыйланышты.