Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун окутуучулар арасындагы спартакиадасы

Ош мамлекеттик университетинин спорт клубу тарабынан кызматкерлер арасында  спартакиада уюштурулду. Иш-чаранын максаты – университеттин окутуучулары арасында дене тарбия жана сергек жашоо образына көңүл буруу, кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүү жана алардын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.

Спорттук иш чаранын алкагында жеңүүчүлөр ар кандай спорттук мелдештерде күч сынашып, ОшМУнун  кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Бул сыйлыктар окутуучуларды жаңы жетишкендиктерге шыктандырып, аларга алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн түрткү берет.

Мындай спорттук иш чаралар ар жыл сайын ОшМУда уюштурулуп, кызматкерлердин катышуусу жылдан-жылга артууда.