ОШМУнун кесиптик бирлигинин XXXV отчеттук кайра шайлоо конференциясы
2025-жылдын 6-январында Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин XXXV отчеттук кайра шайлоо конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга университеттин жалпы 178 мүчөсү катышышты.
Иш-чарага Борбордук комитеттин төрагасы Мусабай Примкулов өзү да катышып, шайлоо процесси жана кесиптик бирликтин келечеги боюнча пикири менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө, кесиптик бирликтин кызматкерлердин социалдык жана эмгек укуктарын коргоодо өзгөчө мааниге ээ экенин жана мындан ары дагы бул багытта иш-аракеттерди күчөтүү зарыл экендигин белгиледи.
Конференцияда Кесиптик бирлик комитетинин төрагалык кызматына эки талапкер ат салышты. Шайлоонун жыйынтыгы менен Абсамат Саттаров кайрадан ишеничке ээ болуп, кесиптик бирлик комитетинин жаңы төрагасы болуп шайланды. Ал аталган кызматты 2020-2025-жылдар аралыгында ийгиликтүү аркалап келген.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар Абсамат Саттаровдун мурунку ишмердигин жогорку баа менен белгилешип, анын тажрыйбасын улантууну туура чечим катары кабыл алышты жана анын жетекчилиги астында дагы көптөгөн жаңы демилгелердин ишке ашырыларына үмүт артышты.
Абсамат Саттаров өз кезегинде, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы катары кызматкерлердин социалдык жана эмгек укуктарын коргоо боюнча ишти күчөтүү, университеттин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча чоң планды алдыга коюп, ишеничти актоо үчүн аракеттенээрин билдирди. Ал ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу, социалдык колдоону күчөтүү жана биримдикти бекемдөө үчүн бардык аракеттерди жасоону уланта турганын билдирди.
Конференциянын иши ийгиликтүү жыйынтыкталып, тиешелүү чечимдер кабыл алында жана жаңы багыттар белгиленди.