Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун кесиптик бирлигинин кезектеги кеңешмеси өттү

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) кесиптик бирлигинин кезектеги кеңешмеси болуп өттү.

Жыйында университеттин кызматкерлерине 2025-жылдын 23-январында №24 Мыйзамы менен колдонууга берилген Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин жаңы басылып чыккан китепчелери тапшырылды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин мурдагы редакциясы менен жаңы иштелип чыккан өзгөртүүлөрү тууралуу салыштыруу маселелери каралып, бул өзгөрүүлөрдүн университеттин ишмердүүлүгүнө, кызматкерлердин укуктарына жана милдеттерине кандай таасир тийгизери талкууланды.

Андан соң, ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы А.Э. Саттаров 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата ар жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаралар боюнча маалымдама берип, бардык кызматкерлерди иш-чарага активдүү катышууга чакырды.

Кеңешменин соңунда, ОшМУнун институт, факультет, колледж, лицей жана гимназияларынын профсоюз комиттерин өкүлдөрү тарабынан 2025-жылга карата түзүлгөн коррупциянын алдын алуу жана коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча иш-чаралардын деталдуу пландары угулду. Мындан сырткары январь айында аткарылган иштердин отчеттору да каралып, тиешелүү сунуштар берилди.