Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун 8-мартка карата уюштурган волейбол мелдеши: Жамааттын биримдигин чыңдоо

ОшМУнун кесиптик бирлиги 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата салтка айланган волейбол мелдешин өткөрүүнү баштады.

Мелдешке ОшМУнун институт жана  факультеттеринен 18 команда, колледждерден жана лицейлерден 6 команда катышууда. Байге фонду 60 миң сомду түзөт. Жеңүүчүлөргө кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом, кубок, акчалай сыйлыктар жана атайын наамдар каралган.

Спорттук иш-чара 6-мартка чейин уланып,  ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамдын ортосундагы достукту чыңдоо, ынтымакты бекемдөө жана спорт аркылуу жалпы жамааттын биримдигин арттыруу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

ОшМУнун кесиптик бирлиги бул иш-чара менен гана чектелбей, бардык кызматкерлердин жана студенттердин ден соолугун сактоо, активдүү жашоо стилин жайылтуу жана социалдык адилеттүүлүктү орнотуу боюнча да бир нече демилгелерди ишке ашырууда.