Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда веложарыш

7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата ОшМУнун аялдар кеңешинин мүчөлөрү веломарафон өткөрдү. Иш-чарага ОшМУнун кесиптик бирлик уюму демөөрчүлүк  кылып, жеңүүчүлөргө дипломдор, белектер ыйгарылды. Мындай саамалык жыл сайын уюштурулат, ал коомчулукту сергек жашоого өбөлгө түзөт. Кийинки учурда жөө жана велосипед  менен жүрүүгө айрыкча көңүл бурулууда. Бул веложарыш “Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” кабыл алынган  концепцияны иш жүзүнө ашыруу багытындагы аракет” – дейт иш-чаранын уюштуруучусу, ОшМУнун  аялдар кеңешинин төрайымы Насира Кочконбаева.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова