Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Профсоюз в регионах

ОшМУда Нооруз шаңдуу өттү

ОшМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган Нооруз  майрамына ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат, окутуучулук-профессордук курам жана студенттер катышты.

Майрамдык салтанатта улуттук досторкон даярдалып, элдик ырлар бийлер, каада салттар орундалды. Ошондой эле улуттук оюндар ойнотулуп, сүмөлөк кайнатылды.

Окуу жайдын бардык факультеттеринде, колледж, лицейлеринде Нооруз майрамына арналган салтанаттар өткөрүлдү. Оюндун жеңүүчүлөрүнө,  ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э.Саттаров акчалай сыйлык жана мактоо баракчаларын  тапшырды. 

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова