ОшМУда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көйгөйлөр жана перспективалык багыттар талкууланды
Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдык маарекесине жана 9-декабрь – Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Тарых жана юридика институтунун жарандык укук жана процесси кафедрасында тегерек стол уюштурулду. Анда өлкөдөгү жемкорлукка каршы күрөшүүнүн көйгөйлөрү жана перспективалык багыттары талкууланды.
Иш-чарага ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев, коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу комиссиянын жана кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров, Ош облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору Кудаяр Байматов, Ош шаардык прокуратурасынын улук прокурору Талантбек Койчуман уулу, структура жетекчилери жана студенттер катышышты.
Жыйында жемкорлукка каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча баяндамалар жасалып, суроо-жооптор орун алды. Жемкорлукка каршы күрөшүү, анын себептери жана натыйжалуу күрөшүү жолдорун табуу боюнча сунуштар айтылды.
Жыйындын алкагында ОшМУнун кесиптик бирликтер комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров университетте бул багытта жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, баяндама жасады.
Тегерек столдун жүрүшүндө коррупцияны алдын алуу үчүн мамлекет тараптан көрүлүп жаткан иш-аракеттер, мыйзамдарды ишке ашыруу жана мекемелер арасындагы кызматташтык боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйынтын соңунда студенттер жана магистранттар арасында коррупцияга каршы жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети