Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда Баткен коогалаңында курман болгондорду эскерүү күнү белгиленди

2024-жылдын 25-октябрында "26-октябрь — Баткен коогалаңында курман болгондорду эскерүү күнүнүн" 25 жылдыгына  карата, Ош мамлекеттик университетинин  Баткен  окуясына  катышкан ардагерлерди  сыйлоо  жана  өтүп  кеткендерди  эскерүү  күнү белгиленди.

Баткен согушунун ардагерлери полковник Кебеков Алимжан     Турдуевич, подполковник  Султанов  Батырбек  Жанбаевич, Чамашев Марат  Какарович  жана Турдубеков Абибулла агайлар бүгүнкү күндө ОшМУнун ага окутуучулары  жана доценти болуп эмгектенип келишет.

ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин эмгекти коргоо боюнча адиси А.Б.Турдубаев Баткен  окуясына  катышкан ардагерлерди  ОшМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан Ардак Грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырып, алардын жасаган эрдиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, курман  болгон  баатырлардын  жакындарына көңүл айтты.

 

 Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети