ОшМУда ардагерлер үчүн сый-тамак уюштурулду
2024-жылдын 1-октябрында Ош мамлекеттик университетинде эмгектенип келе жаткан жана эс алуудагы 550 ардагер мугалимдер үчүн Олигарх” ресторанында сый-тамак уюштурулду.
Эл аралык карылар күнүнө карата ар жыл сайын салтка айланып өткөрүлүп келген бул иш-чара окуу жайдын ректораты, кесиптик бирлик комиети тарабынан уюштурулуп, концерттик программа тартууланды жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров, ОшМУнун Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Капар Зулпукаров жана окуу жайдын Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы Балтагул Нурунбетов өмүрүн, жаштыгын, эмгегин ОшМУга арнаган кызматкерлерди майрамы менен куттукташып, мындан аркы иштерине да ийгиликтерди каалашты.
Маалыматты даярдаган: ОшМУнун Кесиптик бирлик комитети